
Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элге кайрылуу жасап, орозо айттын белгилениши боюнча дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Муфтият расмий сайтында кабарлашынча, Кыргызстанда орозо айт майрамы 5-июнда белгиленет. Буга байланыштуу муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды орозоңуздарды бузуп, күнөөкөр болбогула деп эскертти.
«Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде 5-июнда айт майрамы белгиленет. Эртең, 4-июнь орозонун акыркы күнү жана бүгүн таңда ооз бекилет», — деп айтылат муфтийдин кайрылуусунда.
Эске салсак, быйыл ыйык Рамазан айы 6-майда башталган. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы орозо 4-июнда аяктап, айт майрамы 5-июнда белгиленет деп билдирген.
3-майдан бери социалдык тармактарда орозо айт майрамын белгилөө 4-майга туура келет деген талаш жаралууда.
Оставьте первый комментарий