Ош: айт намаз учурунда мечиттерди милиция көзөмөлдөйт

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Милиция кызматкерлери Ош шаарында айт намаздары окула турган мечиттерге бөлүнүштү.

Милиция кызматкерлери эртеӊ 5-июнь айт намаз учурунда коомдук коопсуздукту сакташып, кызмат өтөшмөкчү. Андан соӊ шаардын аймагындагы массалык маданий иш чаралары өтүүчү жайлардагы коомдук тартипке көз салып турушат.

«-Бүгүн 4-июнда Ош ШИИБнын жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге кошумча көрсөтмөлөр берилип, тапшырмалар коюлду. Биринчи кезекте кызмат өтөө учурунда жарандарга сылык мамиле жасоо, кандайдыр бир тартипти жана мыйзамдуулукту бузууга аракеттер болсо-кескин түрдө бөгөт коюу эскертилди,-«деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, КРнын муфтияты быйыл борбордук аянттарда эмес, мечиттерде айт намазы окула турганын жарыялаган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*