Алайда сабалган дүлөй балдар арызын кайтарып алды. Видео

Ушул жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Алай районунда токмоктолгон үч жигит милицияга жазган арыздарын кайтарып алышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 4-июнда маалымат жыйында билдиришти. 

Айтымдарында, алар өздөрүн сабаган адамдарды орозо айында кечирип, элдешүүнү туура көрүштү. Анткени сабап салган тарап түшүнбөстүк болгонун айтып, өздөрүнөн жана ата-энелеринен кечирим сурап келишкен.

«Милицияга жазган арызыбызды кайтарып алдык. Анткени алар бизди бала уурусу деп ойлошконун жакшылап түшүндүрүштү. Кечирим сурап келишкени үчүн Разаман айында элдештик «,-деп билдиришти дудук жигиттер.

Маалымат жыйынга дудук жигиттерди сабап салган Корул айылынын тургундары да кошо келген.  Алар башка айыл өкмөттөрдө бала урдалып жатат деген маалыматты угуп, ушундай кадамга барышканын айтышты.

«Ошол күнү бизге жалган маалымат түшкөн биздин телефонубузга. Ошол боюнча биз барып тоскондо, алар мүмкүнчүлүгү чектелгендер болуп чыккан. Анда биз билбестик кылып катачылык кетиргенбиз. Ошол себептен азыр балдардан ата-энелеринен жана кыргыз элинене кечирим сурайбыз»,- деди Корул айылынын тургуну Бектурган Арапбай уулу.

Майдын башында Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти «бала уурдаган» деп айыптап, ур-тепкиге алган. Токмоктолгон дудук жигиттердин жакындары Ош шаарынын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгып, кийинчерээк облустук милицияга арыз жазышкан.

 

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*