
Кыргызстандын түштүгүндө изделип жаткан 2 баланын сөөгү каналдагы суудан табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-июнь күнү саат 16.15те Ош облусунун Кара-Суу районунда бир жумадан бери изделип жаткан жети жаштагы баланын сөөгү Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Жети жашар бала боюнча билдирүү куткаруучуларга 27-май күнү саат 23.00дөрдө түшкөн. Ошондон бери уланган издөө иштерине 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан беш адам тартылган.
Ал эми Жалал-Абад облусунда изделип жаткан 3 жашар наристенин сөөгү Шамалды-Сай шаарындагы каналдан табылды.
Оставьте первый комментарий