
«Алтын тамга» аттестатына талапкер болгон 11-класстын окуучуларынын 17 пайызы артыкчылык аттестатын алышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы «Алтын тамга» тестирлөөсүнө 1 миң 48 окуучу катышкан. Алардын 179у артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушту.
Эске салсак, тестти кыргыз тилинде тапшыргандардын саны 585, орус тилинде 430, өзбек тилинде 29га жеткен. Тесттин жыйынтыгы менен макул болгондор мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулушкан.
Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, 8-майда кызыл аттестатка талапкер болгон 11-класстын окуучулары төмөнкү төрт предметтен тест тапшырышкан.
– эне тил жана адабият (кыргыз тили жана адабият, орус тили жана адабият, өзбек тили жана адабият)
– алгебра жана баштапкы анализ
– Кыргызстандын тарыхы
– химия
Бул жылы 11-классты 61 миң, 9-классты 95 миң окуучу аяктайт.
Оставьте первый комментарий