Диний маалыматыңды текшер. TMG «Табарман» квест оюнун чыгарды

Диний радикализмдин алдын алуу жана жаштар арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында  TMG телеканалы мобилдик оюн чыгарды. 

Оюндун аты «Табарман» деп аталат. Ал жаштарды диний сабаттуулукка, толлеранттуулукка жана интеллектуалдуулукка үндөйт. Суроолор негизинен диний багытта түзүлгөн. Андан сырткары Ош шаарынын тарыхы жана учурдагы абалы тууралуу геолакациялык суроолор да камтылат.

Онлайн платформаны ар бир интернет колдонуучу уюлдук  телефонуна көчүрүп диний маалыматын текшере алат. Ал үчүн Play Маркеттен «табарман» деп жазып издейсиз же болбосо бул шилтемеден тиркемени көчүрсөңүз болот.

Мобилдик оюнду көчүргөндөн кийин электрондук адресиңизди жазып катталасыз. Андан кийин диний жана геолакациялык суроолорду тандап, өзүңүздүн маалыматыңызды сынап көрсөңүз болот.

Эгерде оюн учурунда суроолорго туура эмес жооп берген болсоңуз, атайын диний эксперттер  сиздин туура эмес жооп берген сурооңузга видео түрүндө жооп берет.

Бул долбоор «Интерньюс Нетуорктун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*