Көкбөрү: Орусиядагы мелдеште «Атуул» командасы жеңишке жетишти

Россиянын Сергиев Пасад  шаарында болгон эл аралык турнирде Кыргызстандын атынан ойногон «Атуул» командасы жеңишке жетип, биринчи орунду алышты.

«Атуул» командасы — славян улутундагы улакчылардан түзүлгөн кыргызстандык команда. Аталган команданы Кыргызстандын көкбөрү федерациясы турнир эл аралык көргөзмө иретинде уюштурулгандыктан тандап алган.

«Атуул» командасында кыргызстандык орус улутундагы улакчылар ойногон. Буга чейин мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандан «Атуул» командасы өз аргымактары менен кошо жөнөп кеткен.

Кыргызстандык «Атуул» командасы командасы 1-беттешин Москва шаарынын командасын жеңип, экинчи беттешинде тажик улакчыларын ири эсепте утуп алышкан.

Эл аралык мелдеш 12-июнда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып Орусиянын Сергиев Пасад шаарында өткөрүлгөн. Мелдешке Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Москва шаарынан төрт команда катышты.

Көкбөрү боюнча турнирди көрүүгө 40 миңден ашык көрүүчү келген. Мелдешке катышкан командалардын күйөрмандарынан сырткары жергиликтүү жашоочулар да барып, оюнга күбө болушту.

Турнирде Кыргызстандын улакчыларынан Өзбекстандын курама командасында ойноп, коңшу өлкөнүн намысын коргогон оюнчулар да болду.

«Орус дүйнөсү» фестивалынын алкагында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык көргөзмө иретинде турнирде ар өлкө улуттук каада-салттарын көрсөтүштү. Катарында Кыргызстан да бар.

 

Автор Т-медиа 11884 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*