
Кыргызстандын аймагында эки күн катары менен жер титиреди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-июнга караган түнү саат 00:09да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 2 баллга чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эскерте кетсек, 12-июнь күнү таңкы саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Оставьте первый комментарий