Атамбаевге коюлган айыптардан үчөө кыскартылды. Тизме

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия эки күндүк иликтөөнүн негизинде экс-президентке коюлган тогуз айыптын үчөөсүн кыскартты.

Алар төмөнкүлөр:

— Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар,

— Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар,

— «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы,

— Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар,

— Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси,

— Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир участогун өзү пайдаланышы.

Эскерте кетсек, парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу түзүлгөн комиссиянын алгачкы жыйыны 17-июнь күнү өткөн. Анын жыйынтыгында депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюлган.

Алдыда аталган комиссиянын корутундусунун долбоору Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетте каралууга тийиш.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*