Кыргызстанда Манас жана Айтматов мекемеси түзүлдү

Кыргызстанда «Манас жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси түзүлүп, тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим президенттин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин Уставы бекитилди, ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга жаңы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилди.

Мекеменин жетекчиси кызматына саясатчы Топчубек Тургуналиев, анын орун басары болуп залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов дайындалды.

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр:

— «Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

-«Манас» эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү; «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу;

илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу; эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу;

аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*