UEFAнын экс-президенти Мишель Платини камакка алынды

Европалык футбол ассоциациясынын (UEFA) мурдагы башчысы Мишель Платини  18-июнда камакка алынды. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Аны 2011-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрө турган өлкөнү аныктаганда коррупцияга аралашкан деген айып менен темир тордун артына отургузушкан.

Кийинки чемпионаттын Катарда өтөрү маалымдалган.

RT франциялык Mediapart порталына шилтеме кылып, 63 жаштагы экс-чиновник Франциянын Нантерр шаарындагы коррупциялык иштерге каршы соттук полиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын жазды.

Мишель Платини Кыргызстанга 2012-жылы келип, балдар арасындагы футболду өнүктүрүү зарылчылыгы бар экендигин айткан. Андан сырткары ал «Алай» жана «Алга» командаларынын беттешине күбө болуп, Кыргызстанда футболдун келечеги бар экенин аны өнүктүрүү жана ага шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.

Эскерте кетсек,  2017-жылы 12-октябрда Ош шаарында ФИФАнын колдоосунда футбол академиясы ачылып,  азыркы учурда ийгиликтүү иштеп келе жатат.

 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*