Каржы полициясы Али Токтакуновдон иликтөөдөгү документтерди сурады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Азаттыктын журналисти Али Токтакуновго ачык кат менен кайрылды. Катта Али Токтакунов журналисттик иликтөөсүндө жарыялаган бардык документтерди көрсөтүүсү керектигин талап кылган.

Маалым болгондой, Азаттыктын журналисти А.Токтакунов Кыргызстандан 2011-2017-жылдары жалпы суммасы 700 млн доллар бажы кызматынын экс-төрага орун басары Раимбек Матраимов тарабынан сыртка чыгарылышы мүмкүн экени айтып, анын 250 млн долларынын документтери бар экенин  жарыялаган.

Мекеме журналисттен ал документтерди  Р.Матраимовдун ал иштерге тиешеси бар же жок экенин обьективдүү тергөө жүргүзүү үчүн керек болот деп талап кылган.

Ошондой эле, 18-июнда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы иликтөөдө жарыяланган сумманын 4 млн доллары боюнча 8 төлөнгөн документтеринин көчүрмөсү табылганын билдирди.

«-Азаттыктын иликтөөсүндөгү негизги 200 млн доллар боюнча банк төлөмдөрү табылбай жатат»-, деп айтылат маалыматта.

Мекеме муну менен журналист А.Токтакуновго мыйзам боюнча тергөө иштерине жардам берүү керектигин билдирген.

 

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*