
Аталышы Манас деп өзгөртүлгөн Ленин чокусун кайрадан Желайдар деп атоо сунушталууда.
Бийиктиги боюнча Жеңиш чокусунан кийинки орунда турган Манас чокусуна биринчи аталышын ыйгаруу демилгесин Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаттары көтөрүп жатышат.
Азырынча сунуш аталган айылдык кеңештин кароосунда турат. Эгер жалпы депутаттардын колдоосуна татыса чечим кыргыз өкмөтүнө жиберилет.
Ленин чокусунун аталышы Манас деп былтыр өзгөртүлгөн. Чечимди Кашка-Суу айылдык кеңеши жактырып, өкмөт токтом чыгарып берген.
Кыргызстанда Ленин аталышы менен белгилүү болгон экинчи орунда турган бийик чоку алгач Желайдар деп аталган. СССР маалында Ленин деп өзгөрүп, азыркы күнгө чейин ошол аталыш менен белгилүү.
Манас чокусу (мурдагы аталышы Ленин) Кыргызстан менен Тажикстандын арасындагы Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө орун алган. Бийикти 7134 метрди түзөт.
Мурдагы Ленин чокусуна баштапкы Желайдар аталышын берүү сунушуна макулсузбу? «Т-Медиа» сурамжылоо жүргүзөт.
Оставьте первый комментарий