Ош: шаар ичинде жайгашкан 22 май куюучу бекеттин иши сотко өттү

Ош шаарында талапка жооп бербеген 22 май куюучу бекеттин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлады. 

20-мартта Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай жарылгандан кийин мэрия шаардын ичинде жайгашкан май куйуучу бекеттерди жаптырууга аракет кылып жатат. Бирок жарылган май куйуучу жай кайрадан оңдолууда. Ал эми шаардын мэри буларга соттун чечимине менен гана чара көрө ала турганын айтты.

Соттун чечимине жараша чара көрөбүз. Май куюучу жайлардын ээлери, ишкерлерден да суранат элек, биринчи элдин коопсуздугун ойлойлу. Силерге убагында мыйзамдуу кылып документ даярдап берген кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барат”,- деди Таалайбек Сарыбашов. 

Май куюучу бекеттер боюнча иш 4-июлдан тарта карала баштайт. 12 жайдын иши шаардык прокуратурага өткөрүлгөн. Ал эми мыйзамсыз деп айтылган 5 автогаз бекеттеринин ишмердүүлүгү токтотулган.

Эскерте кетсек, Ош шаарында  44 май куюучу бекет бар. Анын 6 сы гана талапка жооп берет.

TMG телеканалы буга чейин Оштогу май куюучу бекеттердин канчалык деңгээлде мыйзамсыз жана кооптуу экендиги тууралуу атайын берүү жасаган. Шаардагы май куюучу бекеттердин абалы тууралуу төмөнкү «Жарандык көзөмөл» берүүсүнөн көрө аласыздар.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*