
Футзал боюнча Азия чемпионатындагы кыргызстандык EREM командасынын атаандаштары Таиланд, Кытай жана кореялык клубтар болот.
EREM футзал боюнча өлкө чемпиондугун жеңип алган. Андыктан быйылкы клубтар аралык Азия чемпионатына катышууга жолдонмо алган эле.
27-июнда Малазиянын Куала-Лумпур шаарында чучукулак тартылып, жалпы 16 команда 4 тайпага бөлүндү.
Ар бир тайпадан мыкты делген 2 команда чемпионаттын кийинки баскычына өтөт. Турнир ушул жылы Таиланда өтөт.
EREM командасы өткөн жылы да Кыргызстандын атынан азия чемпионатына катышкан. Бирок команданын жолу болбой тайпалык баскычтан ары өтө алган эмес.
Оставьте первый комментарий