Өлкөдө таза суу жетпеген айыл көп. Өкмөт көйгөйдү чечүүнүн жолун тапты

Бул тууралуу 27-июнда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, быйыл жыл аягында өлкө аймагы боюнча таза суу көйгөйү чечилет.

Кыргызстандын таза суу жетпеген 584 айылдары быйыл  бул көйгөйдөн арылат. Анткени быйыл бюджеттен 200 млн сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште өткөн «өкмөттүк саатта» депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Вице-премьер таза суу көйгөйүн чечүү жаатында бир катар эл аралык каржы уюмдары каржылык көмөк көрсөтүп келатканын кошумчалады.

«-Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү — гранттык жардамдар. Биздин Өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы карап келет», — деди Кубатбек Боронов.

К.Боронов мындан сырткары суу чарба мамлекеттик агенттиги түзүлүп чатканын кошумчалады. Анын айтымында бул агенттик өлкө аймагындагы таза суу жана чарбалык суу тармагын көзөмөлдөйт.

 

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*