
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамы болуп кабыл алынганына быйыл 30 жыл болот. Буга байланыштуу өкмөттүн вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, «Кел кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында сынактар жана акындардын эл аралык «Айтыш-2019» сынагын өткөрүү планга киргизилди.
Майрамдык программага «Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалын өткөрүү белгиленди. Мында ар башка этностордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандар кыргыз тилинде ырларды аткарышат. Алгач сынактар райондук жана облустук деңгээлдерде өткөрүлүп, андан соң аймактык баскычтын жеңүүчүлөрү Бишкек шаарындагы гала-концертке катышышат.
Ошондой эле кыргыз тилиндеги ырларды аткарган чет элдик эстрада жылдыздарын чакыруу пландалууда.
Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Оставьте первый комментарий