Ошко таза суу качан бериле баштайт? Тиешелүү кызмат жооп берди

Ош шаарында күн мурун эскертүүсүз токтогон таза суу бүгүн түштөн кийин бериле баштайт. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Байкишиев билдирди. Айтымында, азыр Папан суу сактагычынан ылайка келген сууну тазалоо иштери аягына чыгып калды.

«Эгер түшкө чейин коё бере турган болсок шаарга болжол менен 16-00дор чамасында ичүүчү суу бериле баштайт. Бирок бардык аймакка бир убакта эмес, ар башка маалда жеткиликтүү болот «,-деди Байкишиев.

Эскерте кетсек, 27-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Папан суу сактагычына жакын жерден сел түшүп, Ак-Буура дарыясына ылайка суу келгенине байланыштуу Ош шаарынын айрым аймактарына таза суу берүү токтотулган.

Ушул тапта Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран, Резиденция кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарында ичүүчү суу жок.

Эскертүүсүз өчүрүүгө байланыштуу суу жеткирүү кызматтары уюшулган. Кайрылуулар 105, 0553 200 105, 0225 105 105, 4-25-05, 0557 00-62-11 телефондору аркылуу кабыл алынат.

 

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*