Президент өкмөт башчыны кабыл алды. Эмнелерди сүйлөшүштү?

Бүгүн, 28-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынынын маалымат кызматы кабарлады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар жана ушул жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды.

Мындан сырткары, пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү жөнүндө токтолушту.

Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын аякташы менен кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өкмөт өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Ошондой эле коопсуздук кеңешинин санариптештирүү жана жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча чечимдеринин аткарылышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй  жатканын айтты.

Андан тышкары,  Россия, Кытай, Индия, Германия тараптары менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишин координациялоо маанилүү экендигин белгиледи.

Муну менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн алардын тизмеси түзүлүшү керектиги эске салынды.

Райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги жолдордун курулушуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жээнбеков республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп белгиледи президент.

Өкмөт башчысы президент  көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*