
Шектүүнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кармады. Ага мыйзамсыз ок атуучу курал колдонуу беренеси менен кылмыш иши козголду.
Мыйзамсыз курал колдонгон жаранды 2019-жылдын 28-июнь күнү Ош шаарынан кармашты. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1993-жылы туулган А уулу А., аттуу жараны. Аны ыкчам маалыматтын негизинде шаардагы эс алуучу жайлардын биринде олтурган жеринде кармашкан.
Тинтүү жүргүзгөн учурда, шектүүнүн жанынан кара түстөгү бир даана магазини менен ок атуучу тапанча табылган. Ал тапанчанын документтерин көрсөтө алган эмес. Бул факт Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Соттук-баллистикалык экспертизанын берген корутундусуна ылайык, шектүүнүн жанынан чыккан, бир даана “Байкал-442” үлгүсүндөгү, 9мм. калибрдеги эч кандай жеке номери жок, ок атуучу курал, ок атууга жана колдонууга жарактуу болгондугу аныкталган.
Факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 253-берененин (куралды, ок даарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп. сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү мурун соттолгон эмес.
Оставьте первый комментарий