
Мурдагы баш прокурор Аида Салянованы ооруканадан №1 тергөө абагына алып кетишти.
Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.
Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан да ырасташты.
Аида Салянова 15-июнда саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган болчу.
Эске сала кетсек экс башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Андан көп өтпөй Бишкектин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечимин чыгарган.
Оставьте первый комментарий