Кыргызстанга кымбат унаа алып кирүү боюнча коррупциялык схема аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Унаа” мекемесиндеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

  • Маалыматка караганда, УКМКнын “Унаа” мекемесиндеги кызмат адамдарына карата  козголгон кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, башка кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схеманы түзүү менен бажы биримдигине мүчө эмес (Прибалтика, АКШ, Грузия) өлкөлөрүнөн КР аймагына ташылып келинген транспорт каражаттарын, бажы алымдарын төлөбөстөн киргизгендиги белгилүү болгон. Натыйжада бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

УКМК органы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул жылдын июль айынын башында Кыргызстандын аймагына жогоруда айтылган коррупциялык схема менен алынып келинген «Лексус» жана «Шевроле» маркасындагы 2 авто унаа кармалган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын сеткасына ылайык өлкөгө кирген автоунааларды каттоо жана алып келүүдө 2 млн. 608 миң сом зыян келген.

Азыркы учурда буга тиешеси бар тараптар жана аталган мекеменин кызматкерлерине карата текшерүү иштери жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо