Солтон-Сары жайлоосунда малдардын эмне себептен өлгөнүн комиссия аныктайт

Нарын облусунун «Солтон-Сары» кенине жакын жайгашкан жайлоодо малдын эмне себептен өлгөнүн жана бул окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов маалымат жыйында билдирди.

Айылдын айрым тургундары мал-жандыктын өлгөнүнө кооптонуусун билдирүүдө. Ошол жерде чогулган адамдар Zhong Ji Mining компаниясынын ишин убактылуу токтотууну талап кылышкан. Алардын пикири боюнча, компаниянын ишмердиги ушундай кесепетке алып келген.

«Биз тийиштүү эрежелерге жана нормаларга ылайык иш алып барышыбыз керек. Керектүү текшерүүлөрдү өткөрүп, лабораториялык анализдердин жыйынтыгын күтүшүбүз зарыл. Тузүлгөн комиссия беш күндүн ичинде мал-жандык эмне себептен кырылганын аныктап чыгат. Анын жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланат«, – деп кабарлады Аманбай Кайыпов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айтымында, азыркы учурда кытайдык Zhong Ji Mining компаниясы «Солтон-Сары» алтын кенинде өз ишмердигин улантууда.

«Компания алтын өндүрүүчү заводду куруу үчүн жол жана инфраструктуралык объекттерди курууда. Аткарылып жаткан келишимге ылайык, Миң-Булак жана Эмгекчил айыл өкмөттөрүнө социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүдө. Бардык чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынышы керектигин, ошондой эле компания жергиликтүү бийликтин алдында өз милдеттерин так аткарып жаткандыгын унутпашыбыз керек», – деди Аманбай Кайыпов.

Өз учурунда Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун маалыматы боюнча, Zhong Ji Mining компаниясы Солтон-Сары кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензияны 2009-жылы, ал эми кен казуу үчүн – 2010-жылы алган. Кендин балансында 12 тоннанын тегерегинде алтын бар, кендин аймагы 1 миң га түзөт.

Кыргыз Республикасынын Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаковдун алдын ала маалыматы боюнча, мал өлгөн жерде ууктуруунун белгилери бар экендигин кабарлады.

«Башка эч кандай инфекциялык оорулардын белгилери жок, себеби мал-жандыктардын баары өз учурунда вакцинациядан өткөн. Кошумча текшерүүлөр өткөрүлдү, малдын эмне себептен өлгөнү бир-эки күндүн ичинде аныкталат. Анализдердин жыйынтыгын күтүшүбүз керек», – деди Кумар Исаков

Эске сала кетсек, 15-июлда  70тей киши Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишине нааразычылык билдирип чыгышкан.  Алар Солтон-Сары жайлоосунда айылдыктардын малы жапырт кырылганына кытай инвестору иштеткен алтын кенинде жүргүзүлгөн иштерин айыпташкан. Ошол себептен Нарын районунун Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча айылынын 100дөн ашуун тургуну атайын кол чогултулган кайрылууну президентке жиберерин билдиришкен болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо