
Курманбек Бакиевди мактаган видео тасманы көрсөткөн эки телеканалдын жетекчилери УКМКга чакыртылды.
Бул тууралуу 1-августта мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Атайын кызматтан билдиришкендей ««New TV» жана «NUR TV» телерадиокомпанияларынын жетекчилери Шакиев Нурланбек Тургунбекович жана Келдибеков Бекболот Ахматбекович профилактикалык маекке чакырылды. Аларга чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары тууралуу расмий эскертүү берилди» деп айтылат.
УКМКнын маалыматына караганда, алар «түшүнүү менен карап», мындан ары «андай кайталанбастыгына милдеттенме алышты».
30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары аны жактап, 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн.
Шакиев Бакиев президент болуп турганда анын басма сөз катчысы болгон. Буга чейин ал «Бакиев жөнүндө тасмага тиешебиз жок, бирок аны көрсөтүүнү туура көрдүк. Саясий да, коммерциялык да максатыбыз жок» деп айткан эле.
УКМК бул боюнча 31-июлда оозеки эскертүү тараткан.
Оставьте первый комментарий