Күйүүчү май бааларынын аймактарда айырмасы кандай? Инфографика

Улуттук статистика комитети өлкө аймактарында А-92 бензини жана дизелдик күйүүчү майдын бааларына талдоо жүргүздү.

Маалыматка караганда, былтыркы жылдын июль айына салыштырганда быйыл А-92 бензини 4 сомго же 9,1 %га арзандаган. Ал эми дизелдик күйүүчү май 30 тыйынга же 0,7 %га кымбаттаган.

Быйыл июлда А-92 бензинге карата жогорку баалар Исфана шаарында (1 литри – 42,90 сом), Баткен шаарында (литр – 42,21 сом) жана Кара-Суу шаарында ( литри —  41,55 сом ) катталган.

Ал эми арзан баалар Покровка айылында (1 литри — 36,77 сом), Талас шаарында (литри – 37,96 сом) жана Токмок шаарында (литри — 37,94 сом) болгон.

Дизелдик күйүүчү майга карата эң жогорку баалар Кара-Суу шаарында (бир литри — 46,30 сом), Баткен шаарында (бир литри —  46,30 сом) жана Ош шаарында (бир литри – 46,20 сом) катталган.

Эң минималдуу баалар Покровка айылында (бир литри —  42,70 сом), Талас шаарында (бир литри – 42,06 сом литр) жана Токмок шаарында (бир литри – 42,09 сом) түзгөн.

А-92 бензинин баасын аймактарга салыштырып караганда:

Аймактардан дизелдик майдын бааларын салыштырганда:

А-92 бензини жана дизелдик күйүүчү майды быйылкы жана былтыркы жылдагы баалар менен салыштырганда:

Кыргызстандын ички рыногуна керектелүүчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Өлкөдө күйүүчү майдын арзандандашы өткөн жылдын соңунда Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат бергенден кийин байкалган.
Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*