
Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан май куюучу жайда катталган жарылуу боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди. Учурда Кара-Суу райондук милициясы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, станцияда иштеген кызматкерлер сурак берип жатышат.
«Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча катталды. Атайын техникалык экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 31-июлда түнкү саат 22.10дор чамасында Кара-Суу районундагы Учар айылында жайгашкан Red Petroleum май куюучу жайдан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткенин билдирген. Жалын май сактаган цистерналарга жеткен эмес.
Бактыга жараша, кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон жок. Өрт өчүрүү кызматынын 13 унаасы тартылып, жалын саат 23:10до чектөөгө алынган.
Оставьте первый комментарий