Ош: Семетей кинотеатры өрттөн улам убактылуу ишин токтотту

1-август таң эрте Ош шаарындагы Семетей кинотеатрында өрт чыкты. Маалыматка ылайык мекеменин техникалык бөлмөсү өртөнгөн.

Кинотеатрдын менеджери Медетбек Макеновтун айтымында кинотеатр ишин убактылуу токтотту.

Анткени бир катар техникалары өрттүн кесепетинен жарактан чыккан. Азыркы учурда тилсиз жоодон жабыркаган жарандар жок.

Өрт өз убагында өчүрүлүп кинотеатрдын башка бөлмөлөрүнө өткөн эмес. Бүгүн тилсиз жоодон келтирилген чыгымдардын атайын адистер эсептеп баштады. Бир апта ичинде жарактан чыккан техникалар калыбына келтирилип, кинотеатр кайрадан ишин улантат.

Медетбек Макеновтун билдиришинче калыбына келтирүү иш бир жумадан 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*