Сирияга кеткен үй-бүлөнүн үйүнөн ок-дарылары табылды

Ош шаарына чектеш жайгашкан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында Сирияга кеткен үй-бүлөнүнүн үйүнөн ок-дарылары жана кол гранатасы табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. 

Шаардык милициянын билдиришинче, 2015-жылы Сирия мамлекетине чыгып кеткен үй-бүлөнүн үйү алдын ала алынган оперативдүү маалыматтын негизинде күбөлөрдүн катышуусу менен 2-августта тинтүүгө алынган.

Ош ШИИБнын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тинтүүнүн жыйынтыгында үйдүн короосунан бекитилген ак баштыкча табылган. 

«Анын ичинен 1080 даана (цинк кутусунда) Калашников автоматынын 5.45 калибриндеги октору, РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы алынган»,- деп айтылат маалыматта. 

Милициянын кошумчалашынча, 50 жаштагы үй ээси 4 жыл мурда Сириядагы согуштук аракеттерге оппозиция тарапта согушуу үчүн бүтүндөй үй-бүлөсү менен чыгып кеткени буга чейин маалым болгон.

Учурда бул фактынын алкагында куралдардын кайдан келгендиги жана кимге таандыгын текшерүү сыяктуу оперативдик иликтөө иштери уланууда. Атайын экспертизалар дайындалды. 

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*