Жээнбеков: чет өлкөдөгү мекендештерге жаңы укуктук статус киргизилет

Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта президенттин алдында түзүлгөн чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Айтымында, «Мекен-Карт» долбоорунун алкагында чет жакта иштеп жаткан мекендештерге жаңы укуктук статус киргизилет.

Бул статусту алган жаран мекени, тууган-уругу, жакындары менен байланышын үзбөй, Кыргызстанга тоскоолдуксуз келип кетүүгө  мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары бул статус Кыргызстанга инвестиция салууга, билим берүү, саламаттык сактоо кызматтарын пайдаланууга жана иштөөгө шарт түзөт.

«Ар бир «Мекен-Картты»алган мекендешибиздин укуктары мыйзам түрүндө корголот. Мекен-карттын колдонуучусу кошумча укуктарга ээ болгондон тышкары анын милдеттери дагы так көрсөтүлүшү керек деп эсептейм»,- деп белгиледи прездинет Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, «Мекен-Карт» жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн.

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*