Орусия: өрт 3 млн гектар жерди күлгө айлантты

Орусиянын Сибир аймагынын чыгышында өткөн аптада башталган өрт 3 миллион 71 миң гектар жерди күлгө айлантты. 

Өрттүн өрчүгөн жери Якутия жана Красноярск аймактары.

Азыркы учурда Якутияда 1,1 миллион, Красноярскта 1 миллион, ал эми Иркутскта 700 миң гектар токой күйүп кетти.

Күйгөн токойдун жалпы аянты Бельгиянын, ал эми өрттүн таасири алдында калган жердин көлөмү Португалиянын жалпы аянтына барабар.

Россиянын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги  түрдүү 38 аймакта 800дөн ашык отурукташкан калктын түтүндөн жабыр тарткандыгын билдирди.

Өрт өчүүрүүгө 9 миңден ашык киши, 2 миң 800 өрт өчүрүүчү каражат жана 28 өчүрүүчү учак активдүү катышып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен 10 учак жана 10 вертолёт өрт өчүрүү иштерине тартылды. Ошондой эле жергиликтүү калк да өрт өчүрүүгө жардамдашып жатат.

Тиешелүү кызмат өкүлдөрү чукул кырдаал жарыяланган Иркутск, Красноярск, Якутия жана Бурятия аймактарында өрттү алдын алуу иштери жүргүзүлбөгөндүктөн өрттүн бүгүнкү күнгө чейин  өчүрүлбөгөндүгүн билдирди.

Жыл сайын табигый себептерден улам чыккан өрттү быйылкы жай мезгилиндеги кургакчылыктын себебинен алдын алуу мүмкүн болбогондугун кошумчалады.

Орусиядагы миңдеген километрлерге жайылган түтүн өлкөдө жашаган адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизип, кошуна жайгашкан Монголия, Аляска жана Канаданын батыш аймактары да түтүн алдында калды.

Экологиялык тең салмактуулукка терс таасирин тийгизген бул ири өрт аймактагы бир нече жаныбарлардын түрүнө да зыян келтиргендиги белгиленүүдө.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*