Кыргызстанда күзгү аскердик чакыруу башталат

Кыргызстанда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу башталат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлык «Коргоо жана Куралдуу Күчтөрү» жана “Жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар» жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык чыккан.

Кол коюлган жарлыкта мөөнөттөрүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик кызматтардын кызматчылары Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан запаска бошотулат.

Ошондой эле, 18 жашка толгон уландар 2019-жылдын сентябрь-ноябрь айларында Куралдуу Күчтөрүнө жана аскердик түзүмдөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Буга байланыштуу өкмөткө аскердик кызматты өтөп бүткөндөргө жана аскерге чакырылгандарды уюштуруу тартибин аныктоо тапшырмасы берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*