Президент кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-августтан баштап кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкө башчынын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү бир аптага созулат. Бул убакыт аралыгында президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлдө эс алат.

Эскерте кетсек, былтыр президент Сооронбай Жээнбеков 30-июлда кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыгып, Ысык-Көлдө эс алып келген.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*