АФК Кубогу: EREM клубу алгачкы беттешүүсүндө утулду (сүрөт)

Футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган EREM клубу Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде ири эсеп менен утулуп калды.

Кыргызстандык команда 1-оюнду кытайлык Shenzhen Nanling клубу менен өткөрдү. 2 бөлүктөн турган беттештин жыйынтыгы 3:8 менен аяктап, кыргызстандык футболчулар утулуп калды.

Таиланда өтүп жаткан Азия кубогуна EREM командасы экинчи ирет катышууда. Оштук команда өткөн жылы да АФК кубогуна катышып тайпалык оюндардан ары өтө алган эмес.

Алдыда команда экинчи оюнун 9-авгуть күнү Түштүк Кореялык команда менен өткөрөт.

EREM командасынын биринчи оюнунан сүрөттөр:

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*