Кой-Таш: атышуу болгон аймакта 400гө жакын адам жүрөт. Видео

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүрүп жаткан аймакта 300-400 адам жүрөт. Бул тууралуу «Апрель» телеканалынын түз эфиринде Кой-Ташта жүргөн кабарчысы жеринен кабарлады. 

Ал эми «Азаттыктын» Кой-Ташта жүргөн кабарчысы түз алып берүүдө билдиришинче Атамбаевдин үйүнүн айланасында 100дөй адам жүрөт.

Азырынча жабырлануучулардын саны так эмес. Маалымат каражаттары 10го жакын адам жараат алган деп кабарлап жатышат.

«Азаттыктын» жазышынча, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жараат алып, парламенттин мурдагы депутаты Нурбек Касымбеков тепкиде калган. Дагы бир адам колунан, экинчиси бутунан жараат алган.

Жабырлануучуларга бир сааттан бери медициналык жардам жеткиликсиз болуп жатканы айтылган. Саат 20:30да «Тез жардам» барганы кабарланды.

Ушул тапта Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолдорго бактар кыйылып тосулган.

https://www.facebook.com/april.tv.ru/videos/479489462839247/UzpfSTU1OTE1MjMwNDEyMzIyMTpWSzo0Nzk0ODk0NjI4MzkyNDc/

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого атайын күч түзүмдөрү келгенин бүгүн, 7-августта кечки саат 20:00го жакын кабарлаган.

Азырынча тиешелүү органдар күч түзүм өкүлдөрүнүн аракети боюнча расмий маалымат бере элек.

Сүрөт: sputnik.kg

 

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*