Кой-Ташта 1 адам каза тапканбы? Саламаттыкты сактоо министрлиги үн катты

Саламаттыкты сактоо министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциянынын жүрүшүндө бир адам каза тапты деп айтылып жаткан маалыматка тактоо киргизди.

Министрлик Кой-Ташта бир адам каза тапты деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Саламаттыкты сактоо минисрлигинин саат 23:25ке карата алынган маалыматына ылайык, ооруканага 15 адам ар кандай жаракаттар менен түшкөн.

«Анын ичинен үчөө Чүй облустук ооруканасына, дагы үчөө Улуттук госпиталга, тогузу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылган. Алардын бирөөнө чукул операция жасалган. Калгандарынын абалдары орточо»,-деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, бүгүн, 7-августта кечки саат 20:00го жакын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого атайын күч түзүмдөрү барганы кабарлаган.

Сүрөт: sputnik.kg

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*