Кыргыз тарап беларус бийлигине нааразылыгын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Белоруссиянын КРдеги элчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу Сергей Ивановго нота тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

«ТИМ Кыргызстанда соттолгон адам менен президент расмий түрдө жолугуп, ачык мамиле түзүп жатканына нааразычылыгын билдирип нота тапшырды. Кыргыз тарап Беларуссиянын бийлигин бул кырдаал боюнча кадамдарын өзгөртүп, эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү үчүн кылдат мамиле жасоого чакырды», — деп жазылган тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Буга чейин ЖМКларга Белоруссиянын президенти Александар Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди туулган күнү менен куттуктап, белек тапшырып жаткан видеосу жарыяланган болчу.

Кыргыз тарап бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын колдонуу жана кыргыз-беларусь достугун белгилөө такыр туура эмес деп эсептейт. Ошондой эле анын тамыры эки мамлекеттин кызматташтык жана достук мамилесинин принциптерине дал келбей турганы да белгилеген. Эскерте кетсек, Лукашенко Бакиев жолугушуусун Беларусиядагы бир катар ЖМКлар да чагылдырышкан эле.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*