Солтон-Сары: Алтын казган компания ишин убактылуу токтотту

Өкмөттүн маалымат кызматы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматына таянып Солтон-Сарыдагы алтын казган кытайлык компания ишин убактылуу токтотконун кабарлоодо.

Чечим Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусунун негизинде кабыл алынганы айтылды.

6-августа Боронов Нарын облусуна барып чогулган эл менен жолугушкан. Анда нааразылык билдирип чыккан элдин талабы мыйзам талаасында гана чечилээрин түшүндүргөн.

«Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сарыда 2009-жылдан тартып иштейт. Кен Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Бучук участогунан алтын казууга 20 жылга уруксат берген 3228 АЕ лицензиясы 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген. Бул лицензияга Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин ошол кездеги башчысы Ишимбай Чунуев кол койгон.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта чыккан. Ошол күнкү чырдан кытайлык 20 кызматкер жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*