Атамбаевди кармоо учурунда 4 милиционер ок жеди

Эки күндөгү окуядан жалпысы болуп 85 адам жабыркады.

Кой-Таштагы окуядан жабыркап Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна беш киши жаткырылды.

Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, жабыркагандардын төртөө — укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аларга ок тийген. Ал эми жай тургун катуу үн чыгаруучу гранатадан жабыркаган.

Абалдары туруктуу. Министрлик беш киши Кой-Таштан же Көк-Жардан жабыркаганы белгисиз экендигин кошумчалашты.

Жалпысынан 85 киши жабыркаганы да кабарланды.

Ал арада sputnik.kg укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен эки күнгө созулган атайын опеарциядан кийин 8-август күнү саат 19.00дөр чамасында Алмазбек Атамбаев кармалганын жазып чыкты.

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*