Кой-Таштагы акыркы абал: Жол тосулду, Атамбаевтин үйү курчоого алынды

Акыркы маалыматтарга караганда Кой-Таш айылына кеткен жол тартип сакчылары тарабынан жабылды.

Мындан сырткары  Алмазбек Атамбаевтин үйү курчоого алынып, күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттар колдонула баштады.

Азаттык өз кабарчысына таянып аталган аймакта интернет жана телефон байланыштары үзгүлтуккө учурап жатканын жазды.

Атамбаевтин тарапташтары саат 16:00гө «Форум» ишканасынын алдында митинг өткөрүүнү пландап жатышкан.

Фарид Ниязовтун ЖМКларга берген маалыматына караганда митинг болбой калды. Акыркы маалыматтарды t-media.kg сайты үзгүлтуксүз жазып кабардар кылып турат.

Андыктан ушул сайтка баш багып туруңуздар.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо