Кой-Таштагы окуядан жабыркагандардын саны 80 кишиге жетти

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти.

Бул тууралуу «Азаттык» Саламаттык сактоо минситрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчиновага шилтеме берүү менен маалымат таратууда.

Жылдыз Айгерчинованын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтө алышкан.

Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта бир адам Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмундө жатат. Абалы орточо оор.

Дарыгерлер Травматология жана ортопедия борборунда жаткан Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалын өтө оор деп мүнөздөп жатышат.

Ага эки жолу операция жасалды, азырынча эсине келе элек. Дагы бир күч органынын кызматкери алган жараатынан улам ооруканада каза болгон. 7-августта  Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Учурда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болуп жатат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*