
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүүнү чечти. Бул тууралуу «Республика»партиясынан маалымдашты.
Партия тараткан маалыматка ылайык өлкөдө президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин каршылыгы күчөп жатканы жазылган.
Мындан улам, партия эки тарапты маселени мыйзам алкагында чечүүгө чакырып жатат.
«Бирдиктүү иш алып баруу менен окуяны жөнгө сала алабыз. Кыргызстанды сактап калуубуз зарыл», — деп кошумчаланган партиянын тараткан маалыматында.
Өмүрбек бабанов качан жана саат канчада келери азырынча айтыла элек.
Оставьте первый комментарий