Жээнбеков: Атамбаев экөөбүздүн ортобузда жеке тиреш жок

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында сүйлөп жатып билдирди. 

Айтымында, айрым күчтөр азыркы процессти Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жеке тиреши деп жатышат. Бирок бул эки адамдын тиреши эмес деп сыпаттады.

«Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга , тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттүлүгүн камсыз кылууга  жасалып жаткан күрөш. Мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюунун тиреши,-деди Сооронбой Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Кой-Таштагы курч кырдаал 7-августта кечки саат 20:00го жакын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого атайын күч түзүмдөрү баргандан кийин башталган.

Түзүлгөн курч кырдаалга байланыштуу Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүү чечимин кабыл алган.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*