ИИМ: Алмазбек Атамбаевдин эки тарапташы кармалды

КСДП штабынын өкүлдөрү Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, учурда Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары суралып, медиа форум акционердик коомунун жана «Апрель тв» телевидениесинин мүлкү камакка алынды.

Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана барымтага алуу фактыларынын негизинде Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев кармалган.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармап, түз эле УКМКнын имаратына алып келишкен.

7-августта кечинде УКМК  Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндүк кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*