
Орусиядан келген альпинист Сергей Войличенко Жеңиш чокусунан түшүп келе жатканда 6400 метр бийиктиктен учуп кеткен. Бул тууралуу «Ирксиб» маалымат сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Войличенко Орусиянын Иркутск облусунан болот. Ал новосибирдик шериктери менен Тянь-Шянь тоо кыркаларындагы Жеңиш чокусуна чыккан. 13-августта артка кайтканда альпинист бийиктиктен кулап кеткен.
«Альпинист тоодон түшүп келе жатып ылдыйды көздөй учуп кеткен. Окуя болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарага новосибирскилик альпинисттер да катышууда«, — дешти Жеңиш чокусуна чыгууну уюштуруп келген «Аксай-Тревел» фирмасынан.
Белгилей кетсек, Сергей Войличенко Иркутскидеги альпинизттер секциясын жетектеп келген. Альпинист буга чейин бийиктиктеги Хан-Теңир чокусун багынткан.
Августтун башында орусиялык турист, ИИМдин генерал-майору Иван Иванов Ленин чокусунда каза болгон.
Оставьте первый комментарий