Ажылык сапар: кыргызстандык зыяратчылар 17-августтан тарта мекенге кайтат

Ажылык сапарга барган кыргызстандык зыяратчылар 17-августтан тарта мекенге кайта башташат. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда мекендештер ажылык амалдарын аткарышып, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Алар 17-августтан 1-сентябрга чейин Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча өлкөгө кайтышат.

Мекке шаарында кыргызстандык зыяратчылардын ден соолуктарын көзөмөлдөп туруу үчүн атайын 3 медициналык пункт иш алып барып, 2 тез жардам унаасы иштеди.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы  ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5 510 квота бөлгөн. Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу 17-июлда жөнөп кеткен.   

Автор Т-медиа 11146 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*