УКМК: Сирия жана Иракта жүргөн кыргызстандыктардын өздүгүн тактоо жүрүүдө

Ислам өлкөлөрүндө согуштук аракеттерге катышып жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып келүү иштер уланууда. Бул тууралуу КРнын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда КРнын улуттук коопсуздук органдары  өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарында жана ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда.

Учурда террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жарандардын балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек. Бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-Ирак аймагында калышат.

«-Эгер ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы аныкталса, алар  балдарга болгон укугунан ажыратылат. Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат,-« деп айтылат маалыматта.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги КР жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келүү үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

УКМКнын маалыматына караганда, Сирияда 850 кыргызстандык бар, ал эми Иракта алардын саны белгисиз.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*