Бүгүн Садыр Жапаров бошотулушу мүмкүнбү?

Экс депутат Садыр Жапаровтун иши бүгүн Чүй облустук сотунда кайра каралат.

Бул тууралуу  саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Анын айтымында, жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келген.

— Эгер сот биз тарапка чечсе Жапаровдун мөөнөтү үч жыл төрт ай кыскарат дагы, ал шарттуу түрдө бошотулушу керек, — дейт жактоочу.

Буга чейин 16-июлда Аламүдүн райондук соту саясатчы Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде менен кабыл алган эмес. Адвокат биринчи райондук соттун  чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

Эскерте кетсек ЖАМК Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген болчу. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*