Бермет Акаева Бишкекке эмне максат менен келгени белгилүү болду

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгенин.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Аскар Акаев билдирген. Кыргызстандын мурдагы президенти өз сөзүндө: «Эч кандай башка максаты жок. Бермет туугандар менен көрүшкөнү гана барды» деп айтты.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдар аралыгында башкарган. Ал элдик толкундоолордон кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Аскар Акаев азыркы учурда Москва шаарында жашап келет.

Бермет Акаева 2005-жылы парламентке депутат болгон. Кийин 2007-жылы да шайлоого катышууга аракет кылган.

Ал «Манас» аэропортуна 19-августта Москва-Бишкек каттамы менен учуп келгенин интернет-колдонуучулар жазып чыгышкан.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*