
Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин өкмөт колдойт.
Бул тууралуу вице-премьер Жеңиш Разаков билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан маалымдашты.
Учурда вице-премьер нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйынына катышып жатат. Разаков жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде өзгөртүүлөр сунушталып жатканын белгиледи.
«Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдарды азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», — деди Жеңиш Разаков.
Кайсы жол эрежелерине болгон айып пулдар азайышы мүмкүн:
1 Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;
2 Жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);
3 Унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
4 Коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
5 Жол чырактан уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо;
6 Көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;
7 Ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
8 Сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.
Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.
Маалымат үчүн белгилеп кетчүү жагдай: Мекемелер аралык жумушчу топ Кыргызстандын премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралдагы буйругунун негизинде түзүлгөн. Анын негизги максаты жаңы кодекстер жана мыйзамдардын жетишпеген жактары менен карама-каршы келген кырдаалдарын анализдөө болуп эсептелет. Жумушчу топтун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эки эксперттик топ түзүлгөн. Анын курамына бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун эксперттери кирет.
Бүгүнкү күнгө чейин эксперттик топтор 20 отурум өткөрдү, анда 120дан ашык мыйзам чыгаруу демилгелери каралган. Өз кезегинде мекемелер аралык жумушчу топ 5 отурум өткөрүп, анда мыйзам чыгаруу боюнча 26 сунушту караган.
Оставьте первый комментарий