Садыр Жапаровтун соту: Абак мөөнөт өзгөрүүсүз калды

Чүй облустук соту саясатчы Садыр Жапаровтун ишин карап, Аламүдүн райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бүгүн экс депутаттын жактоочуларынын арызынын негизинде Чүй облустук соту Садыр Жапаровтун ишин карап чыкты.

Жактоочу Шарабидин Токтосуновтун билдирүүсүндө жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашып, 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет.

Бирок облустук соттун чечиминен кийин Жапаровтун жактоочусу: Соттор саясий заказды гана аткарып коюшту,-деп билдирди.

Бул чечимге нааразы болгон тарап жогоку сотко кайрылууга укугу бар. Андыктан экс депутаттын жактоочусу жогорку сотко кайрылаарын билдирди.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*